Эч ким бала бойдон калбайт. Балалык өтөр-кетер убактылуу иш. Балабыз кашыбызда мойтондоп ойноп атса, «апа-ата.." деп кубантып турса, алгач аны колуңа алып так көтөрүп өпкүлөйсүң, мезгил зуулдап баштагыдай колго көтөрбөй бала бакчага , анан мектепке жетелеп калышың бат эле. Бир учур келет, сени менен жетелешкенден тартынып, уялып "..өзүмчө эле басайынчы" деп калат. Анткени чоңойду да балаң. Баштагыдай сени менен жетелешпей, "адашып кетпейин" деп көзүн алактатып сени менен тең басып колуңду кое бербей кармаган адатын таштап, тескерисинче колун акыры-ын сенин колуңдан бошотуп өзүнчө баскысы келет. Кыскасы, балаң өз чыйырын издеп , өз тагдырын кууп , чоң кишилердин жашоосуна бой урганын түшүнүүгө өтөсүң.. Көзүң умачтай ачыла түшөт да, капылет келген мындай ахвалга суроо берип "..менин баягы мотуракай балам, кызым кайда ыя?" деп дендароо боло түшөсүң. Чогуу уктап коюнуңа кысып бөпөлөп, кокус туруп кетсең ыйлактаган, жаныңан алыстап кетсең "апа!"деп сени издеген балдарың эми сени антпей калышса, сенсиз эле көчөгө чыгып, өз бетинче басып-туруп калышса дендароо болбой анан...
Балалык убактылуу дебедикпи.. Бала чагында балдарды тарбиялоо жагына, ар кыл кружокторго, окууларга, курстарга беребиз артынан сая түшүп. Ошентип олтуруп, “чоңойсо өз алдынча тың жашап кетишине жакшы..” деп жүрүп балдарды кучактамай, эркелетмей, чогуу олтуруп сүйлөшмөй деген нерселер негедир таптакыр унутта калганын элес албайбыз. “Эртерээк чоңойсо, өзүнө өзү тың болуп бир жакшы иш тапса, өз жемин жедирбесе..”,.. көп ата-эненин каалаганы, сүйлөгөнү эле ушул. Анан ошентип олтуруп карасаң эле баягы мотуракай балдар жок, алдыңда чон эле кишилер турган болот... Ошол, ошол.. баягы мотурайган балаң, кызың киши болуп чоңоюп калганын көрөсүң. Качанкы балалыгынан ныпым эчтеке жок, анткени балалыктын доору өттү-кетти. Ана ошондо тээ качанкы жылдар эсиңе түшүп, “ошол бала чагында неге кучактап-кучактап албадым экен, эмнеге эле зекип-урушуп, тыйып, ар кайсы ишти буюра бердим экен, неге уулум-кызым “чогуу ойнойлучу” дешсе такай эле жумуштан колум бошобой койду экен..” деген өкүт өзөктү өрттөгөнүн бир сезип каласың. Балдарыңдын суранычына “..анан, анан..” дей берип анандын баары бүтүп, түгөнгөнун, убакыт баарын уурдап кеткенин кеч түшүнөсүң. Ойнотоюн, эркелетейин, чогуу ойноюн десен эле уулундун, кызыңдын балалыгы учкан чаңдай кайдадыр жоголуп кеткен болот, издейсиң, таппайсың. Бир рамкага, бир режимге , бир тарбиялык тартипке мажбурланып чоңоюп-өскөн балдар оо кийин чоңойгондо “...англис тилинин ээ-баяндооч, этиштерин азыраак үйрөнүпмүн да, ар кыл курстарга азыраак барган экенмин да, классташтар менен чогуу экскурцияларга азыраак катышып калыптырмын да, өз алдыңча тың болууну үйрөнгөн дарстарга азыраак барыптырмын да..” деп өкүнүшөөрү арсар. Алар атасы, апасы менен чогуу эс албаган, чогуу тамак жебеген, чогуу тоолорго, жайлоолорго сапар тартпаган күндөрүн көбүрөөк эстеп армандашат тура. "Апам менен, атам менен бекем кучакташып чогуу уктаган күндөрүм аз эле болду.." деп өкүттө калган балдар көп болот экен. Качандыр бир кездерде балдарыңарды колуңарга көтөрүп жүрчү элеңер, же колунан жетелеп алып жүргөн күндөр болгон. Эми ошол колдор чоңойду, силердин көтөрүүңөргө да, жетелөөңөргө да муктаж эмес. Мезгил деген зуулдап бат эле өтөт. Балдарыңардын балалыгын бала чактай барктагыла, так ошол убакыттарда аларга ата менен эненин мээрими, сүйүүсү, чогуу өткөргөн күндөрү өтө керек. Балалык аябай кыска. Өмүр андан бетер...
Анна Кирьянова
Философ, Жазуучу, Орусиянын Жазуучулар союзунун мүчөсү, психолог
Которгон Э.К.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн