Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баланы биринчи класстан баштап эле жалгыздык илимине үйрөтүш керек

30.10.2023 10:58
275
Баланы биринчи класстан баштап эле жалгыздык илимине үйрөтүш керек


Жалгыздыкты сүйбөгөн киши эркиндикти да сүйбөйт.

(Артур Шопенгауэр)

                            

Жалгыздык – улуу кишилердин баарынын жазмышы.

(Артур Шопенгауэр)


Алкоголь жалгыздык менен аралашып кеткени өзгөчө коркунчтуу.

(Уильям Фолкнер)


Эң жаман жалгыздык – бул сени түшүнбөгөн адамдардын арасында болуу.

(Жалалиддин Руми)


Сени өлүкканадан ала турган кишиң жок болсо, жалгыздык деген ошол. 

(Юрий Авербух)


Мен адамдар жок жалгыздыктан коркпойм, ишеним жок жалгыздыктан корком.

(Николай Сербский)


Инсан сүйлөшүүдөн чыңалып, курчуп, жалгыздыкта өсөт.

(Андрей Ткачев)


Акылдуу киши жалгыздыктан кыйналбайт деле, келесоолордун арасында отурганда кыйналат.

(Татьяна Первых)


Мен бала кезден эле балыктарды жакшы көрөм. Анткени, алар унчугушпайт.

(Земфира Рамазанова)


Жалгыздык да баңгизат сыктуу, ага көнүп каласың.

(Хошино Юки)


Жалгыздыгың жаныңда турганда сен эч качан жалгыз болбойсуң.

(Марк Девольт)


Чөп жер бетинде өзүнө окшогондорду издейт, дарак асмандан өзүнүн жалгыздыгын издейт.

(Рабиндранат Тагор)


Жалгыздыкта адам өзүн анчалык жалгыз сезбейт.

(Джордж Гордон Байрон)


Адам жалгыздыктан коркпойт, өзү менен өзү калгандан коркот.

(Алексей Христинин)


Сен күлсөң бүт дүйнө кошо күлөт, ыйлаганда болсо сен өзүң жалгыз ыйлайсың.

(Элла Уилер Уилкокс)


Жарыкта жалгыз баскандан көрө, караңгыда досуң менен жүргөн артык.

(Хелен Адамс Келлер)


Чыныгы досуң жок болсо, эң жаман жалгыздык ошол.

(Фрэнсис Бэкон)


Жалгыздыкты эскерүү менен басууга мүмкүн эмес, эскерүү жалгыздыкты огобетер күчөтөт.

(Гюстав Флобер)


Адам кулчулукка караганда да жалгыздыктан көбүрөөк коркот, биз ошон үчүн үйлөнөбүз да.

(Сирил Коннолли)


Жалгыздык – өтө чоң бактысыздык, ал түрмө сыяктуу эле нерсе.

(Винсент Ван Гог) 


Чыгармачылыктагы жалгыздык абдан оор. Эч ким унчукпай койгонуна караганда ачуу сын айтылып турганы жакшы.

(Антон Павлович Чехов)


Никеден таалайын тапкан карапайым киши жалгыздыкта жашаган генийге салыштырмалуу кыйла бактылуу.

(Дейл Карнеги)


Эгер кимдир бирөөнү күтүп жаткан болсоң, жалгыз жашап турганга деле болот.

(Ванда Бленьская)


Жалгыздык – бул дайыма жымжырттык, ал эми жымжырттык болсо өзүңө өзүң кулак сала турган эң сонун мүмкүнчүлүк.

(Кайли Миноуг)


Эгер сен жалгыздык жөнүндө аңгеме жазчу болсоң, баары кызыгып окуйт, себеби, бул жагынан ар бир адам эксперт.

(Теодор Старджон)


Карьера коомдо жаралса, талант жеке турмушта жаралат.

(Мэрилин Монро)


Кудай адегенде эркекти жараткан, анан ал өзүнүн жалгыздыгын сезсин үчүн түгөйүн жараткан.

(Питер Устинов)


Жалгыздык – бул тазаланып, аруулана турган жер.

(Мартин Бубер)


Менин жалгыздыгымды ким түшүнмөк эле? Мени бактысыз кылган талантты каргыш урсун!

(Фаина Раневская)


Мен карылыктан коркпойм, жалгыздыктан корком. 

(Одри Хепбёрн)


Поэзия бар жерден жалгыздык качып жоголот.

(Шарль Фердинанд Рамю)


Баланы биринчи класстан баштап эле жалгыздык илимине үйрөтүш керек.

(Фаина Раневская)


“Мен жалгыз болгонду самайм” деп айтсам, ишенбегиле. Ал калп сөз.

(Филипп Киркоров)


Париж – бул көп калк жашаган жалгыздык.

(Франсуа Мориак)


Жалгыз жашасаң сен өзүңдү өзүң жейсиң, элдин арасында жашасаң, көпчүлүк сени жейт. Эми өзүң тандап ал!

(Фридрих Вильгельм Ницше)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн