Парламентти таратуу боюнча сунуш кийинки аптада тиешелүү комитетте каралышы күтүлүүдө.
Агенттиктин өздүк маалымат булактары парламент сентябрдын соңунда таркай турганын айтышууда. Кезексиз шайлоо бир жарым ай ичинде ичинде өтүшү керек.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, өзүн-өзү таркатуу жөнүндө сунушту депутаттардын үчтөн бири демилгелей алат. Анын себеби жана негиздемеси кошо көрсөтүлүшү зарыл.
Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Ал дайындалгандан кийин 45 күндөн кечиктирилбестенөткөрүлүүгө тийиш.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш быйыл кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, келе турган парламент 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округунан түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн