Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Баласын балка менен уруп өлтүрүүгө аракет кылган жаранга сот өкүмү чыкты

02.04.2021 10:41
1306
Баласын балка менен уруп өлтүрүүгө аракет кылган жаранга сот өкүмү чыкты

Өзүнүн уулунун  башына балка менен уруп өлтүрүүгө аракет кылган жаранга сот өкүмү чыкты. 

2020-жылы 15-август күнү түндө атасы баласын уктап жаткан жеринен балка менен чаап баштаган. Ызы-чуудан улам үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү келип ажыратып калган. Баланы ооруканага өз убагында алып барышкан. 


Атасы акыркы кезде спирттик ичимдикти көп ичип, аялын ура бергендиктен бала атасына бир нече жолу үйдөн чыгып кет деп эскертүү берген. Көчөдө калуудан корккон ата бул кадамга баргананын сотто айтып берген. 

Сот баласын урган атаны 5 жылга эркинен ажыратты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн