Учурда ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү тарабынан өз баласын сабаган жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, видеодо жеткинчек баланы сабап жаткан жарандын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы Ж.Э. аттуу тургуну экени маалым болгон. Ал эми анын аялы 33 жаштагы Ж.Ж. экендиги да такталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жаран үй-бүлөсү менен 2019-жылы 16-октябрда Россияга кеткени аныкталган.
Учурда аталган маалымат боюнча ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар
жүргүзүүлүп жатканы айтылды.
Эске салсак, спорттук көнүгүү жаса деп атасы жеткинчек баласын былчылдата сабап жаткан видео тараган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн