Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Балбак Түлөбаев Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга кандай добуш берерин айтты

07.06.2023 09:25
3286
Балбак Түлөбаев Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга кандай добуш берерин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев "Азаттык" радиосуна берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү тууралуу пикирин билдирди.


"Кемпир-Абад боюнча камалгандар менен чогуу болгон  биздин эки депутаттын аты айтылып жүргөн. Аны депутаттар өздөрү дагы тастыктаган. Мен ойлогом бул боюнча баары бир бир күн келет деп. Мына эми Башкы прокуратура өтүнүч менен келди.

Депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Бир ай ичинде жыйынтык алып келиш керек.

Мен өзүм дагы иликтеп жатам. Депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүгө каршы же макул болуу үчүн ишти карап жатам. Азырынча бир чечимге келе элекмин",- деди депутат.


Ал Адахан Мадумаровго карата куугунтук болуп жатат деген пикирде эмес экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн