Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Балбак Түлөбаев Ак-Түз кенин иштетүүнү баштоо зарыл экенин билдирди

08.02.2024 13:09
266
Балбак Түлөбаев Ак-Түз кенин иштетүүнү баштоо зарыл экенин билдирди


Депутат Балбак Түлөбаев Ак-Түз кенин иштетүүнү баштоо зарыл экенин Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында көтөрүп, бул маселеде Министрлер кабинетинин позициясына кызыкты.

Депутат кенди иштетүүнү жергиликтүү тургундар өздөрү суранып жатканын белгиледи. Ал Кемин районуна барганда жашоочулар менен сүйлөшкөнүн айтып, өкмөт азыр иштетилбей жаткан мындай кендерди кыдырып, чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.

Эске салсак, 2019-жылы Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы митингге Ак-Түз айылынын тургундары да чыгышкан. Алар келечекте Ак-Түздө да казуу иштери башталышы мүмкүн деп тынчсыздануусун билдиришкен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн