"Алтын Казына" ресторанында болгон окуя бул трагедия, бул айбанчылык. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
""Алтын Казына" ресторанында болгон окуя бул трагедия, бул айбанчылык.
Урматтуу укук коргоо органдары, ар кандай сөз угуп атам. Андайга барбагыла жооп бересиңер.
Жең ичинен чечебиз аны салабыз муну салабыз болбойт. Кынтыксыз териштирилип, ким күнөөлү болсо жооп берет. Мен да кыз атасымын",- деп билдирүү калтырган депутат Түлөбаев.
Эске салсак, буга чейин аталган ресторан кызматкерлери 17 жаштагы кызды топтошуп зордуктаганы белгилүү болгон.
Пикирлер (1)