Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Вашингтондогу башаламандык боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Түлөбаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"АКШ демократиянын бешиги. Түндөгү окуя бул демократияга сокку. Биз эл тандаган Президентти колдойбуз. Люмпендер, маргиналдар, антидемократиялык күчтөргө каршыбыз. Тез арада баары ордуна келерине ишенебиз. Элдин мүдөөсү бул ыйык. Элдин мүдөөсүнө каршы чыгуу бул каргышка калып, өлкөнүн өнүгүүсүнө жана биримдигине каршы чыккан эл бузар наалатка укум тукуму менен калуучулар. Алар коомдон куулушу керек", - деген билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн