Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 13:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Балбак Түлөбаев Бишкекте коронавирус качан курчуй турганын айтты

04.12.2020 12:18
2185
Балбак Түлөбаев Бишкекте коронавирус качан курчуй турганын айтты

Бишкек шаарында коронавирус илдети качан курчуй турганы боюнча мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев пикирин айтты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Мэрдин маалыматына ылайык, учурда баш калаадагы  ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарга 300гө жакын бош орун бар, эпидемиологиялык абал оору күчөгөн жай айларына салыштырмалуу абал туруктуу, мындан аркы абал кандай өнүгөрү 10-декабрдан кийин белгилүү болмокчу.


«Биз эпидемиологиялык кырдаалдын курчушун 1-10-декабрь деп күтүп жатабыз. Эгер ушул темпте кетсек мындан ары да ушундай темпте кете беребиз деген оюбуз бар. Коронавирус боюнча абал Бишкекте азырынча туруктуу. Июль айында күндө 700-800 бейтап катталып, күндүзгү стационарларга 4500гө чейин кишини кабыл алдык. Бүгүн 90го жетпеген оору чыкты, бир жума мурда 168 болгон. Көрсөткүч төмөндөп баратат»-деди сессияда.


Эгер  илдет күчөсө №1 оорукана кайра толугу менен коронавирусту дарылоого берилип,  ал толсо №6 оорукана, эгер ал да жетпесе «Семетей» госпиталы ачылат. Ал эми 1,1 миң орундуу «Семетейде» 500-600 орун даяр турат. Июлдагыдай кырдаал кайталанса 20га жакын күндүзгү стационар ачууга даярдык көрүлгөнү да белгилүү болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн