Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балбак Түлөбаев Бишкектеги ыштын пайда болушунун негизги себебин атады

30.12.2020 14:22
509
Балбак Түлөбаев Бишкектеги ыштын пайда болушунун негизги себебин атады

Бишкектеги ыштын эң негизги себеби бул - сапатсыз көмүр. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жылдык маалымат жыйын учурунда билдирди.


"Эгерде биз көмүрдүн колдонулушун токтотсок, булганыч газдарды азайтсак, анда бардыгы оңдолот. Бишкекте жай мезгилинде булгануу дээрлик жок, анткени автоунаалардан ыш чыгат",- деди Түлөбаев.

Анын айтымында, турак жай массивдери, мектептер жана отканалар газ менен жылытууга өткөрүлүшү керек.


Түлөбаев ошондой эле адамдардын, автоунаалардын санынын көбөйүшүн, ошондой эле экологиялык өзгөрүүлөрдү түтүнгө себепчи факторлор катары атады.


«ЖЭБдин күнөөсү жөнүндө так айта албайм, аны текшерүү керек. Бирок көмүр негизги себептердин бири деп айта алам",- Балбак Түлөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн