Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балбак Түлөбаев: Эми УКМК менен Башкы прокуратуранын тиреши күчөйт, протокол эртең башка адамдын башына келип калбасын

10.02.2022 15:29
1010
Балбак Түлөбаев: Эми УКМК менен Башкы прокуратуранын тиреши күчөйт, протокол эртең башка адамдын башына келип калбасын

Бүгүн Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасы Жогорку Кеңешке келип түштү.


Конституциялык комитет аны карап, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына аталган маселе боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мындан ары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Башкы прокуратуранын тиреши күчөй турганын билдирди.


"Урматтуулар өткөндөн сабак албайлыбы? Азыр бийликте отургандар куугунтук көргөн адамдар. Эми УКМК менен Башкы прокуратуранын тиреши күчөйт. Кечээ Башкы прокурор өзү УКМКнын мыйзамына каршылыгын билдирди.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, буларды токтотуңуз. Булар сизди дагы түртүп бара жатат. Протоколду чукубай эле коёлу. Эртең протокол башка адамдын башына келет",- деди Түлөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн