Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Балбак Түлөбаев: Ишкер Журат Абдуллаевдин кармалышы - трагедия

19.08.2022 15:53
375
Балбак Түлөбаев: Ишкер Журат Абдуллаевдин кармалышы - трагедия

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев   ишкер Журат Абдуллаевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди.  Бул тууралуу  депутат  Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.


"Бизнесмендин же Кыргызстанда бизнес кылуунун абалы ушундай. 

30 жылдагы саясий акыбал, өлкөдөгү акыбал ушинтип бизнесменди тишине чейин куралданып, мыйзамсыз иштерге түрттү. Муну ким кылды саясий бийлик биз, аткаминерлер кылдык. Ар бир шайлоодо чакырып «акча» сурап, жумушчуларын шайлоого айдап атып. Журат Токмокто Гаваи эс алуу борборун салган бизнесмен. Журат камалганга эмес мактоого, орденге арзыйт. Албетте мен бул жеке адамдык пикирим. Журатты такыр тааныбайм. Чай ичип отурганда эмесмин. Өлкөдө бизнести «перезагрузка» кылып атасыңар. Жаңы келгени алып кете алар бекен. Бир башына өлүмдү да көргөн бизнесменди чакырып өлкөгө иште, мындан ары туура жолго бар десеңер ишенип койгула пайдасы милллион болот. Ар бир элдик толкундоодо, үйүн өрттөп, бизнесин өрттөп, балдары өрттүн ичинде чаркырап, чырылдап ыйлап атса анан эмне кылат бизесмен? Бизнеске жаңы багыт, жаңы саясат, жаңы мамиле керек. Отурган бутакты кеспегиле" ,- деп жазган ал.


Эске салсак, бүгүн Журат Абдуллаев УКМК тарабынан мыйзамсыз курал жана жардыргыч заттарды сактоо боюнча кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн