Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Балбак Түлөбаев Камчыбек Ташиевден жардам сурап кайрылды

26.01.2021 09:26
829
Балбак Түлөбаев Камчыбек Ташиевден жардам сурап кайрылды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасындагы көчөлөрдө  товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.


Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.


 Түлөбаев сатуучулар менен рейд жүргүзгөн укук коргоо органдарынын ортосунда чатак чыгуусун каалабай турганын кошумчалаган.

«Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. «Ош» базарынан, «Аламүдүн» базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик», — деди Түлөбаев.


Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн