Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Балбак Түлөбаев Камчыбек Ташиевди уят кылып, УКМКнын кадырын түшүргүсү келеби?

27.01.2021 15:11
1723
Балбак Түлөбаев Камчыбек Ташиевди уят кылып, УКМКнын кадырын түшүргүсү келеби?


Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев “Ош базары” менен “Орто-Сай” соода жайларындагы жайма базарларды жок кылуу үчүн УКМКдан, анын жетекчиси Камчыбек Ташиевдер жардам сурап кайрылды. Түлөбаев буга мэриянын алы жетпей калганы себеп болгонун айткан.


“Мен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, жардам сурадым. Бул жайма базардагы соодагерлерди өз алдыбызча тартипке келтире албай калдык. Алыбыз жетпей калды. “Атайын топ жибергиле” дедим. Ал соодагерлердин артында кимдер турганын баары билет. Атайын козутуучулар иштеп жатат. Биз алардан базардын ичине кирип ишин улантууну суранып жатабыз”, - деген ал.


Пиарды биринчи орунга койгон Балбак мырзанын бул кайрылуусунун максаты эмнеде? Эмне үчүн кадыры бийик, ары сүрдүү, ары олуттуу мекемени базар деңгээлине түшүргүсү келип жатат? Базардагы тиртипти качан эле атайын кызмат көзөмөлдөп калды эле? Түлөбаев алсыз болсо, базарларды тартипке келтире албаса кызматта олтуруп не кылат? Болбой баратса коомдук тартипти камсыз кылган ички иштер органдарына кайрылбайбы? Же ИИМди тоготпойбу? УКМКнын өзүнүн уставы, милдети бар экенин Түлөбаев билбейби? Же атайын эле Камчыбек Ташиевди уят кылып, УКМКнын кадырын түшүргүсү келип жатабы? 2 базарда тартип орното албаса мэр болуп жыргатабы? Кызык!


Канатбек Аскаров


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн