Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Балбак Түлөбаев Конституциялык соттун төрагасынын кызматтан кетүүсүн талап кылды

18.07.2023 15:02
271
Балбак Түлөбаев Конституциялык соттун төрагасынын кызматтан кетүүсүн талап кылды


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев “матчество” боюнча чечим кабыл алынганына байланыштуу Конституциялык соттун төрагасынын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу ал Kaktus.media сайтына билдирди.


Анын айтымында, Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү кабыл албай кое алат.


"Матчествого” мамлекеттик катчы каршы, муфтий каршы, Камчыбек Ташиев дагы каршы чыкты. ”Матчество” болуш үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керек. Мыйзам күчүнө кириши үчүн алгач парламентте талкууланышы керек. Парламент баш тартса эмне болот, тартипке ылайык, өкмөт Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароого бизге жиберүүгө милдеттүү», - деп түшүндүрдү парламентарий.


Түлөбаев Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылды.


«Конституциялык соттун төрагасы процедураларды ойлобогондуктан отставкага кетиши керек», - деди депутат.


Эске салсак, президенттик аппарат президентке Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жөнөтүүгө мүмкүндүк берген мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү коомдук талкууга койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн