Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Балбак Түлөбаев: МСК ишкерлерге салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатат

30.11.2023 14:33
312
Балбак Түлөбаев: МСК ишкерлерге салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатат


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатканын айтып сынга алды.

Ал Кыргызстандагы чоң-чоң базарлар – “Дордой”, Кара-Суу, “Ош” базарларында иштеген соодагерлер салыкты кандай төлөй турганы тууралуу дагы деле маалыматы жок экенин билдирди.

“Киреше 8 миллиондон ашса эмне болот, 10 миллиондон ашса кандай болот, 20 миллиондон көп болсо эмне болот эч ким билбейт. Ушундан улам чатак чыгып атат. Өкмөт ушул чоң базарларга салык системасын жакшы билген адистерди жиберсеңер. Барып 10 күн түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Иштебесеңер айткыла да биз барып түшүндүрөлү”, - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, күн мурун Кара-Суу базарындагы соодагерлер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип чыгышкан. Бүгүн борбор калаадагы "Дордой", "Мадина" базарларында дагы ушундай эле нааразылык акциялары өтүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн