Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балбак Түлөбаев: Мени кызматтан кетиребиз деген депутаттар мыйзамды ачып окуп алсын

19.01.2021 18:02
738
Балбак Түлөбаев: Мени кызматтан кетиребиз деген депутаттар мыйзамды ачып окуп алсын

Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев депутаттардын Бишкек шаарынын мэрин кызматтан алуу тууралуу сунушу боюнча комментарий берди.


«Мен бул кабарды окудум. Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары Момбеков жана Жумалиев, мыйзамды бир жолу ачып окуп коюңуздарчы. Мен эки мыйзамдын негизинде иштейм. Менин өзүмдүн парламентим бар. Килейген парламентке менин 3 орун басарымды чакырып жатат. Биздин ал жакка кандай тиешебиз бар? Ал жакка кичинекей мэриянын эмне кереги бар? Баарыбыз мыйзамдуу иштейли, мен суранып, өтүнүп кетейин. Мыйзамсыз иштердин негизинде элдик толкундоолор болду. Дагы бир жолу эл өкүлдөрү мыйзамды ачып окуп коюшсун. Ал комитетке өздөрүнүн өкүлдөрү бар, аларды чакыра берсин. Ал эми мени жумуштан алуу чечими мыйзамсыз, ага күлүп эле коюш керек», - деди Түлөбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн