Парламент менен президентти чабыштырууга кызыкдар адамдар барбы деп ойлойм. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бүгүн, 26-январда парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, элчи маселесине байланыштуу Жогорку Кеңеш ыңгайсыз абалда калды.
"Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары колдобой койгон адамды президент Украинага элчи кылып дайындады.
Акыркы окуялардан кийин бийлик менен оппозицияны, парламент менен президентти чабыштырууга кызыкдар күчтөр барбы деп ойлоп калдым",- деди Түлөбаев.
Пикирлер (1)