Президентибизди "Центеррага" жедирбей, сак бололу. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасына жазды.
"Мына эми туруп берчү мезгилдердин бири келди. Ойгон кыргыз. Сак бол. "Центеррага" жедирбейли президентибизди. Ач күсөндөргө. Ушуга чейин бирөө да кылган эмес, Кумтөр жок дегенде эле 5 млрд долларга жакын акчаны бизге төлөш керек. Бутка туруп кетебиз. Эми сак болуп, ар кайсы маалыматка ишенип алдырбай, илим билим менен алып алалы. Президентибизди колдоп тигилерге жедирбей.
Армияны да, экономиканы да, жашоону да оңдоп алабыз.
Бекем туралы",- деп билдирүү калтырган Түлөбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн