Бугу 08, 2024
Убакыт: 05:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Балбак Түлөбаев: Сойкулук менен күрөшөбүз, убакыт келди

05.02.2021 16:20
3330
Балбак Түлөбаев: Сойкулук менен күрөшөбүз, убакыт келди

Адамча жашайлы. Карапайым адамдарга орун тапканага жардам беребиз. Жакында программа түзөбүз. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.


"Шаарды тазалайбыз. Баардык мааниде. Өзгөчө базарлардын айланасын. Паракорчулук, ач көздүк, жеке кызыкчылык ,  сойкулук деги эле ушулардан акча таап байыган топтор бар. Болгон күчүбүз менен күрөшөбүз. 


Урматтуу шаардыктар ушул топторго, алардын жалданма адамдарына, фейктерине ишенбегиле. Өзгөчө Ош базарынын ичин ызы чуу кылып аткан провокатор, шантажчы топтор биз билебиз силерди. Жакында элге айтабыз силердин кылыгыңарды. 


Карапайым элди колдонбогула.


Базардын ичиндеги орундарга кирип соода кылгыла. Мыйзамды бузбагыла. Провокаторлорго чөк түшпөйбүз. Убакыт келди. Адамча жашайлы. Карапайым адамдарга орун тапканага жардам беребиз. Жакында программа түзөбүз", - деп билдирүү калтырган Түлөбаев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Фатима Танабаева
Туура..ошол Ош базарынын айланасын..Кулиева кочосундогу сойкуларды жок кылсаныздар сонун болмок.
Таштаналиева Элнура
Сиз жакшы иштеп жатасыз азаматсыз Аягына чыгарыныз биз сизге ишенебиз