Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балбак Түлөбаев: Реформа жасоо оор болот, бирок алдыга жылыш керек

04.02.2022 09:57
730
Балбак Түлөбаев: Реформа жасоо оор болот, бирок алдыга жылыш керек


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Саламаттыкты сактоо министрлигинин жүргүзүп жаткан реформаларын колдой турганын айтты. 


"Шаарда дагы бир тез жардам борборунун, комплексинин ачылуусу эң сонун. Шаардыктар үчүн чоң жакшылык. Реформалар оор болот бирок алдыга жылуу керек",- деп билдирди Түлөбаев.


Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Улуттук Травматология жана Ортопедия илим изилдөө борборун кайра түзүп, аны министрликтин карамагына алууну билдирген. Мындан улам профессор Сабырбек Жумабеков, оорукананын дарыгерлери мындай кадамга каршылыгын билдирип чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн