Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Балбак Түлөбаев Улуттук банкта турган алтынды сатып, Кытайга болгон карызды төлөөнү талап кылды

20.10.2023 13:07
1005
Балбак Түлөбаев Улуттук банкта турган алтынды сатып, Кытайга болгон карызды төлөөнү талап кылды


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Улуттук банкта турган алтынды сатып, Кытайга болгон карызды төлөөнү талап кылууда.


Ал Улуттук валюта резервинде сакталып турган алтын куймаларын министрлер кабинети колдоно алабы деп сурады.


Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов учурда резервде 51 тоннадан ашык баалуу металл бар экенин айтып, бирок аны өкмөт колдоно албай турганын белгиледи.


Депутат "анда эмнеге сактап койдуңар?" деп нааразы болду. Жакыпов ал валютаны туруктуу кармап туруу үчүн керектигин билдирди.


"Өткөндө мен айтсам эл жаман көрүп, ар кандай түшүнүк менен карашты. Эмне үчүн колдо турган алтын менен Кытайдан алган карызды төлөп салууга кудуретибиз жетип турса да төлөбөй жатабыз? Жакынкы тарыхта эки тоннадай алтын менен деле жашаганбыз. Эмне үчүн азыр Кытайга болгон 1,8 миллиард сомду төлөп салбайбыз? Көп болсо 26-27 тонна алтын кетет экен", — деди Түлөбаев.


Ага финансы министри Алмаз Бакетаев жооп берип, Кытайдын эле эмес, жалпы тышкы карызды төлөп коюуга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Бирок мындай шартта пайызы жогорулап кетет да, көбүрөөк төлөп калышарын эскертти.


Ошентсе да Түлөбаев Кытайга карызды дароо төлөп салып, жайбаракат оокат кылуу позициясынан тайбай турганын белгиледи.


Эскерте кетсек, буга чейин депутат Балбак Түлөбаев президент кааласа Улуттук банкта сакталып турган алтын менен Кытайдын алдындагы карызды азыр да төлөп коё аларын билдирген.


Бирок ага Садыр Жапаров жооп берип, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу пайдасыз экенин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн