Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 01:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Балбак Түлөбаев, Жамалбек Ырсалиев, хештегди токтотуп иштегиле!

10.12.2020 10:04
828
Балбак Түлөбаев, Жамалбек Ырсалиев, хештегди токтотуп иштегиле!


Урматтуу Жамалбек жана Балбак байкелер!


Жазында Бишкек шаарына мэр шайланат. Экөөң шымаланып, жакшы эле иштеп аткансыйсыңар. Маселен, Бакем карагай тигип аткан кызматкердин жанына тура калып, ийнеси сайып ийбесин учунан аяр кармап, сөлпү кылып. Жамакем шаарда бир бурчунда канализация жарылса жетип барып, өзү секирип кирип оңдочудай шымаланып. АНАН, ИШТЕП АТАБЫЗ, ИШТЕЙ БЕРЕЛИ деп хештег коюп. Масала жок, иштеп атасыңар. Мэриянын эски инерциясы, жолго коюлган механизми менен. Опшум то, силердин жумушту каражан Жибек менен Nazgul деле кылат. Ошолордун иши негизичи.


А так, мегаполисте иш жүдөө каражандын чачындагы биттей көп. Сиркеси андан. Биттин ичегисине кан куйган коррупционерлер жыкжыкма. Ар бир тармакта. Ошол асфальт төшөө, асфальт кыруу, жарык берүү, жарыктандыруу, жашылдандыруу, акыр-чикир тазалоо, туз чачуу, көчөт отургузуу ж.б.у.с. иштеринде жүз миллиондоп акча уурдалат. Ошол уурулардын ишин шардана кылгыла. Караламанга жеткиргиле. Эл билсин ал ууруларды! Борбор калаанын бюджетин үнөмдөп, эконом акчага башка пайдалуу иштерди кылгыла! Эчтеке бөлүнбөгөндөй спорт тармагында эле миллиондоп ашап ийишиптир. Ишиңерде эч кандай жаңылык көрөлбадык. Баш-аякты жыйнап иштегиле давай. Кээ бир мамлекеттик мектептерде 4-5 миллион сом жыйнаган олигарх директорлорду текшертип, богуна куурай сая албай отурасыңар. Базарлардагы азык-түлүккө мониторинг жок. Эмнеге силер, антимонополиянын кабинетинен чыкпаган боккурсак чиновниктерин ээрчитип алып, Россия, Казакстандан келген бааларга мониторинг жасабайсыңар. Мисалы, суу май доллар баланча кезде баланча долларга келсе, азыр канчадан келип канча пайыз пайда кошулуп атканын текшергиле да. Жеке эле суу майга эмес, сырттан кирген бардык азык-түлүккө. Себеби, эл куурап кетти. Мурда 8000 сомго продукту алгандар, эми 10000 сомго алганга мажбур.


Кыскасы, иштегиле. Болбосо, ордуңарга Нариманга окшош бирөө келет дагы, эл экинчи силер сыяктуу элдин арасынан чыккан кишилерге ишеним артпай. Ошентип өзүңөрдүн карьераңар менен кошо элдин үмүтүн да өлтүрөсүңөр.


Семетей Талас уулу



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн