Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балбак Түлөбаев айдоочуларга жол кире көтөрүлөрүн убада кылды

19.01.2021 16:13
792
Балбак Түлөбаев айдоочуларга жол кире көтөрүлөрүн убада кылды


Май айында Бишкектеги коомдук транспорттордун тарифи 15 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев бүгүн айдоочулар менен жолугушуу учурунда билдирген.


Анын айтымында,  айдоочулар эмне үчүн жол кире көтөрүлүш керек экендиги боюнча бардык эсептерди тыкыр иликтеп көрсөтүп берген.


"Алар тариф эмне үчүн 15 сомго чейин көтөрүлүшү керектигин,  күйүүчү майдын, тетиктердин  баасы канчага көтөрүлгөнүн ж.б.у.с. далилдей алышты. Пенсионерлер жана мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген тариф, 8 сомду кармоо пландаштырылууда", - деди Балбак Түлөбаев.


Эртең Экономика министрлигине кат жолдой тургандыгын кошумчалады. "Ал жерде жумушчу топ түзүлөт, долбоор жөнгө салуучу таасирдин талдоосунан өтүшү керек, андан кийин ал бизге келип, биз аны Бишкек шаардык кеңешине сунуштайбыз", - деп белгиледи мэр.


Анын айтымында, бардык процесс болжол менен үч айга созулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн