Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Балбак Түлөбаев бийликти сындагандарды сынга алды

27.04.2021 08:04
843
Балбак Түлөбаев бийликти сындагандарды сынга алды


Соцтармак азыркы убакта баарыбызга текши, толук өз пикирибизди чагылдырганга мүмкүнчүлүк берди. Шаарда, айылда деги койчу кайда болбойлу ар бир маалыматка реакция кылабыз. Илгери теле, радио, газетага чыгыш жомок эле. Карапайым эл пикирин, оюн деги эле айта турган жер тапчу эмес. Айылдагы дүкөндүн жанынан башка. Ошону үчүн азыр ар бир маалыматка жанындагы телефону аркылуу пикир жаза коюп атат. Терең изилдеп, анализдеп, тактап жазбай атабыз. Ошону үчүн жаңылыш коомдук пикир жаралып атат. Анан аны бийликке да маалымат булагына каршы колдонуп, масса биригип улуттун кызыкчылыгына каршы чечимдер алынып атат. 

Эхх, кээде бийлик бутактары да жалпак тил менен элге туура түшүндүрө албай аксап атат. Бүгүнкү ахыбал ушундай. Энергетика тармагы светтин баасын жөнгө салуу боюнча да элибиз туура эмес түшүнүп калды.

Казино боюнча да. Шашпай турсаңыздар, сабыр кылып баарын түшүндүрүп беришет. Кайда шашып атасыздар? Коомду кайрап кандай максат табасыздар?

Мына башкар дедиңер, ишендиңер жайына койобу? Баары эле сиздердей ойлобойт да. Беш кол тең эмес.


Балбак Түлөбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн