Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Балбак Түлөбаев Бишкек шаары качан жабыларын айтты

23.06.2020 14:21
2167
Балбак Түлөбаев Бишкек шаары качан жабыларын айтты


Бишкек шаарында коронавирустун жаңы учурлары азайбаса, анда борбор калааны жабууга мажбур болобуз. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып билдирген.


Анын айтымында, 1-июлга чейин коронавирустун жайылышы эң жогорку чекке жетет.


“Эгерде 10-июлга чейин вирустун жайылышы азайбаса, 15-июлдан кийин шаарды бир жумага жабууга мажбур болобуз. Ошондо илдет азайышы мүмкүн, – деген Түлөбаев.


Мэриянын аппарат башчысы коронавирус бар экенин айтып, ооруга ишенбегендерге таңданганын билдирген.


Баарыбыз көрүп турабыз, коронавирус жуктурган Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу, мэр Азиз Суракматов, депутаттар ооруканада жатат. Бир эл өкүлүнүн  абалы оор, ал реанимацияда. КТРКнын журналисттеринен илдет аныкталды. Мен дагы эмнени айтышым керек? Силерге вирус бар экенин ишендирүү үчүн кандай жалдырашым керек? Мен өзүм өлүшүм керекпи? Билбейм дагы эмне айтаарымды, – деген Балбак Түлөбаев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кененбаева Гульнара
Италия да дары табылыптыр. Ал вирус эмес, бактерия экен. Самоизоляция башталганда орус академик Гундарев айткан экен Путинге, самоизоляция кереги жок, башында тушунбой атканбыз эмнеге винтиляция опкого жардам бербей жатат. Кийин моргктон олгон кишилердин опколорун карасак. Опко калбай калыптыр, Кан коюлуп тромбтор пайда болуптур. Ошентип Гундарев Путинге отчёт бериптир.