Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балбак Түлөбаев: Мен миссиямды аткардым

09.02.2021 11:05
567
Балбак Түлөбаев: Мен миссиямды аткардым

Бүгүн Балбак Түлөбаев кызматын тапшырган соң маалымат жыйын курду. Анда ал кызматта турган кезинде жасаган иштери жөнүндө жана кызматтан кетишинин себебин айтты.


"Мен бул кызматка келип өз миссиямды аткарып бүттүм. Садыр Жапаровдун сунуш менен келген элем. Мага жүктөлгөн кызматты аткардым. Мени эч ким кызматтан алган жок. Өз каалоом менен арыз жаздым. Ден соолугума кам көрүп, дарыланышым керек. 

Мен шаардык кеңештин шайлоосуна катышпайм. Мамлекет тарабына кандай гана кызмат болбосун аны аткаруу милдетим деп билем. 

Эрмек Нургазиевди мен биринчи жолу көрүп жатам. Анын ишине ийгилик каалайм. Ал бизнестин адамы. Эгер жардам керек болсо дайыма даярмын",- деди Түлөбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн