Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Балбак Түлөбаев мэрияда кадрларды мындан кийин да өзгөртөт

30.12.2020 13:55
564
Балбак Түлөбаев мэрияда кадрларды мындан кийин да өзгөртөт

Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр дагы болот. Мындай пикирин мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маалымат жыйында билдирди.


"Мэрияга келгенимде вице-мэр менен бир аз чуулгандуу орун алмашуу болду. Мен Мозгочеваны кызматтан кетирген жокмун, ал өзү кызматты таштап кетти. Менин бир гана катачылыгым Куценко болду. Мен аны текшербей туруп дайындадым. Тилекке каршы, кылмыш иши козголду", - деди ал.


Түлөбаев калган кадрдык дайындоолор анын чечими болгонун жана алар туура болгонун айтты.


Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары жана Троллейбус башкармалыгынын башчысынын кызматтан алынышына байланыштуу ал: “Шаардык кеңештин макулдугусуз, мэриянын макулдугусуз ал коомдук транспортто жүрүү акысы көтөрүлгөнүн жарыялады. Бул маселе Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашылышы керек эле".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн