Фейсбук колдонуучусу Эмир Абашев Бишкек мэриясынын кызматкерлерин сынга алып, ал жакта кызмат орундары 20-60 миң долларга чейин сатылып жатканын айтып чыкты. Ал буга чейин кызматтан алынган вице-мэрди колдоого алып, анын таза иштеп жатканын жогору баалаган.
“Балбак Түлөбаев, сен эки жүздүүсүң, пиар кылганды гана билесиң. Азыр кызмат орундарды 20-60 миң доллардан сатып жатасыңбы? Сен коррупционерсиң жана убактылуусуң. Сенин ишиң метро куруу же акылдуу аялдамаларды куруу эмес, сеники туруктуулук”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн