Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 2010-жылы өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын оңдоо боюнча пикири менен бөлүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Убактылуу мэрдин айтымында, аталган имарат оңдоо-түзөөдөн өтүп 7 кабаттан жана 2 блоктон турат. Анын бир блогу Бишкек шаардык кеңешине, бир блогу шаардык муниципиалитетке берилет.
Имаратты оңдоо боюнча тендер жарыялоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн