Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балбак Түлөбаев: "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна президенттин имараты курулса, мэрияны өкмөт үйүнө которуш керек

27.12.2021 08:48
907
Балбак Түлөбаев: "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна президенттин имараты курулса, мэрияны өкмөт үйүнө которуш керек

"Ысык-Көл" мейманканасын президенттик администрация катары куруу туура идея. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.


Анын айтымында, мейманкана тарыхый мурастардын тизмесинен чыгарылган.


"Мен Бишкекти жетектеп турган учурда шаардык кеңешке киргизип, "Ысык-Көл" мейманканасын тарыхый мурастардын тизмесинен чыгарганбыз. Анткени аны бардык ишкерлерге, туризм секторунун өкүлдөрүнө реконструкция же мейманкана катары колдонууну сунуштаганыбызда "тарыхый мурастардын тизмесинде, бузганга болбойт" деп эч ким келбей койгон.

Эгер бул жерге жаңы имарат курулуп, президенттин администрациясы көчүп кетсе, азыркы өкмөт үйүн Бишкек шаарынын мэриясы жана шаардык кеңешке берүүнү суранат элем. Анткени азыркы имаратта мэрия такыр иштей албайт. Жыйынга депутаттар батпайт",- деди Балбак Түлөбаев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кошоева Айнура
Бул имаратты бузбай эле, заманбап оңдоо иштерин жүргүзүп,президенттин аппаратынын көчүрүп келсе болбойбу.