Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 13:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Балбак Түлөбаев жалпы жыйындан таарынып чыгып кетти

29.06.2022 11:43
395
Балбак Түлөбаев жалпы жыйындан таарынып чыгып кетти


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жалпы жыйында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго таарынып залдан чыгып кетти.

Бүгүн жыйын башталары менен 22-июнда каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Анда жарандар чогулткан байлыгын ачык көрсөтсө кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тууралуу долбоор дагы бар эле. Буга каршы болгон "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев добуш бербей койду.

Мындан улам Абытов аталган мыйзам долбоорун добушка койбой алып салууну сунуштады. Төрага да ага макул болуп жаткан.

Бирок Түлөбаев отурган жеринен кыйкырып, президенттин өкүлүнө нааразы болду.

"Эмне "Бүтүн Кыргызстандын" эки депутаты киши, калганыбыз киши эмеспизби. Уят болот мындай. Баарыбызды сындырасыз. Мындан ары мыйзам долбоорлорун алып келбегиле анда", — деп ордунан туруп, ноутбугун жаап чыгып кетип калды.

Натыйжада талашка түшкөн мыйзам долбооруна добуш берүү маселесин аягында чече турган болушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн