Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Балбак Түлөбаев жол кирени көтөрүп элди кыйнабай коррупциялык схемаларга көңүл бурбайбы?

20.01.2021 13:20
711
Балбак Түлөбаев жол кирени көтөрүп элди кыйнабай коррупциялык схемаларга көңүл бурбайбы?


Акыркы убактардагы олуттуу маселелердин бири – бул борбор калаа ичинде каттаган маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоолору болду. Алар жол кире үчүн жүргүнчүлөрдөн алып жаткан 10 сом өздөрүнүн чыгымдарын актабай жатканын айтып, жол кирени 15-20 сомго чейин көтөрүү талабын коюшту. Айдоочулардын иш таштоосуна көңүл бурбай, өз иштерине чыккан айрым маршруттук каттамдардын айдоочуларын ур-токмокко алуу аракеттери да жасалды. 


Адегенде борбор калаа мэри Балбак Түлөбаев жол киренин 15 сомго көтөрүлүшүнө каршы болуп жаткандай болду эле. Анан эле ал 19-январда маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушуп, «Биз бир пикирге келдик, жол кирени 15 сомго көтөрүү керек» деп чыкты. Анын айтымында алар финансы министрлигине кат жолдошкон. Ал кат боюнча жумушчу топ иликтеп, өз отчетторун берет. Андан кийин жол кире тарифин көтөрүү маселеси Бишкек шаардык кеңешинин күн тартибине коюлат экен. «Мындай жол менен тарифти көтөрүү май айына гана пландаштырылууда», - деди ал. 


Ошол эле убакта Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Балбак Түлөбаевдин кызматынан кетишин талап кылышты. Себеби, баскан-турганынын баарын эле сүрөткө, видеого тартып пиар жасай берген мэрдин шаар тургундарынын бир нече күн көчөдө жөө калып калган маселесин убагында чече албай койгону элдин да нааразычылыгын жаратты. Ал эми Балбак мырза «Жогорку Кеңештин депутаттарынын мени кызматтан кетиргенге укугу жок. Мыйзамды окуп коюшпайбы» деп жооп кылды. 


Албетте, парламент депутаттары шаар мэрин түз кызматтан ала алышпайт. Бирок, алар эл өкүлдөрү катары элдин талабын коюп чыкканга укуктары бар. Эмне себептен ал жол кире маселесине байланыштуу иш таштоолордун арты менен канчалаган шаар тургундары жумуштарына, кайра үйлөрүнө жете албай азап чегишкенин айткысы келбейт? Шаар мэри катары ал мындай көрүнүшкө түздөн-түз жоопкерчиликтүү эмеспи? 


Экинчиден, эмне үчүн ал дароо эле айдоочулар менен жолугушаар замат жол кирени 15 сомго көтөрүү керек дейт? Же карапайым элдин айлык акылары көтөрүлдүбү? Ансыз да пандемиянын айынан туруктуу жумуш орундарын жоготуп, каржалып турган элге 15 сомдук жол кире оор болорун эске алгысы келбейби? Айдоочулардын маселесин чечүүнүн башка жолу бар эле го? Мисалы, ошол маршрутка айдагандарды тоноп жаткан коррупциялык схеманы жоюу аракетин көрсө болбойбу? Алардын артында алакандарын ушалап, аз эмес акча алып тургандар бар экенин коомчулук билет? Эгер жол кире 15 сомго көтөрүлсө, ошол коррупциялык схема аркылуу агылчу акчанын да суммасы көбөйөт. Ал эми карапайым шаар тургундарынын чөнтөгү капшырылат. 


Албетте, айдоочуларды да түшүнөбүз. Алардын да чыгымдары бар, ошол чыгымдарынан сырткары үй-бүлөсүн багуу үчүн акча арттырып калуулары керек. Бул маселени чечүү үчүн Б. Түлөбаев жогоруда айткан коррупциялык схеманы жоюшу керек. Ошондо эле жол кирени көтөрүү маселеси артта калат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн