Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу боюнча депутаттар өкмөткө сунуш жөнөттү

19.01.2021 15:10
1288
Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу боюнча депутаттар өкмөткө сунуш жөнөттү

ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети көпчүлүк добуш менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевди жана анын орун басарын кызматтан алуу боюнча сунушту өкмөткө жөнөттү. Мындай чечим бүгүн, 19-январда комитеттин жыйынында кабыл алынды.


Комитеттин бүгүнкү жыйынында курулуштагы көйгөйлөр жана курулуш үчүн документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча маселе каралмак. Бирок, жыйынга мэриядан бир да өкүл келген жок. Мэрия тарабынан жасалган мындай мамиле депутаттардын нааразычылыгын жаратты.


Депутаттар мэриядан комитеттин отурумуна келбей койгону биринчи жолу болуп жатпаганын белгилешип, ачууланышты.


Жыйынтыгында, комитет көпчүлүк добуш менен Балбак Түлөбаевди жана анын орун басарын кызматтан алуу боюнча сунушту өкмөткө жөнөттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн