Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси митингге чыккан ата-энелерди шылдыңдады

04.02.2021 13:11
976
Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси митингге чыккан ата-энелерди шылдыңдады


Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын ата-энелери борбор калаанын мэринин кеңешчиси Асхат Осмоновдун жарыялаган билдирүүсүнө нааразы болушту.


Бүгүн ал Фейсбук баракчасына мектеп окуучуларынын ата-энелеринин митингинен сүрөтүн жарыялап: “Мэриядагы кадимки  иш күнү. Митингчилерге караганда журналисттер көп болгондо",- деген билдирүү калтырган.


Митингчилер муну шылдыңдоо катары кабыл алышып, билдирүүгө комментарий калтыршты.

"Кызматта турган адамдын  ушинтип жазганы уят эмеспи? Абийириң барбы? Жалгыз бой энелер, көп балалуу ата-энелер келди, аларды шылдыңдайсың. Биз болгону балдарыбызга салттуу билим берүүнү каалайбыз жана  алардын укугун ар тараптан бузуп жатасыңар! " - деп жазган ата-энелердин бири.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн