Ысык-Көл районунун Балбай айылынын жаш тургуну Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен онлайн режиминде жолугушуп, белектерин алды. Бул тууралуу блогер Азирет Осмонов айтып берди.
Маалыматты Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек да тастыктады.
«Бүгүн биз президент менен анын үйүндө бейрасмий шартта жолугушмакчыбыз. Бирок, жолугушуу болгон жок. Буга анын байкоосу себеп болгон. Бирок Бекболот өлкө башчысы менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Садыр Нургожоевич Москвадан кайтып келгенден кийин кабыл алам деди. Анан Бекболотко куран, ноутбук жана акча берди», - деди блогер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн