Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Балдар 1 жаштан 10 жашка чейин. Түркияда өрттөн бир үй-бүлөнүн 9 мүчөсү каза болду

09.11.2022 10:25
539
Балдар 1 жаштан 10 жашка чейин. Түркияда өрттөн бир үй-бүлөнүн 9 мүчөсү каза болду

Түркиянын Бурса аймагында  4 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 9 адам каза болду. Бул тууралуу ТРТ Хабер кабарлады.


Маалыматка ылайык, үйдүн экинчи кабатындагы мештен өрт чыккан. Аталган үйдө Сириядан келген жарандар жашаган.


Түндө үй-бүлө мүчөлөрү уктап жаткандыктан өрттүн чыкканын сезбей, үйдөн чыга албай калган. Мындан улам 6 бир тууган балдар жана алардын энеси, ошондой эле алардын 2 жээни каза болгон.


Өрт өчүрүү кызматы билдиргендей, балдардын жашы  1 жаштан 10 жашка чейин болгон.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн