Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Балдарды колдоо жаатында 22 милдет жана 30 чара аныкталган

11.06.2020 18:22
1034
Балдарды колдоо жаатында 22 милдет жана 30 чара аныкталган


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. 

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаралар планына ылайык, балдарды колдоо жаатында 22 милдет жана 30 чара аныкталган.


Кеңешмеге тармактык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн Аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышты.


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жана билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жетишилген максаттар жана балдарды комплекстүү колдоого алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жаатында алдыга коюлган иштер тууралуу отчет беришти.


Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоого алынбаган балдарды документтештирүү процессинин жүрүшү, жеке идентификациялык номерлерди ыйгарууга арыздарды координациялык түрдө кароо, жеке идентификациялык номерлерди ыйгаруу тутумун жөнөкөйлөштүрүү боюнча мындан аркы жүргүзүлчү иштер тууралуу маалымдады.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча ишти күчтөндүрүү чечими кабыл алынды.  

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн