Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балдарды коргоо жана алардын коопсуздугу милициянын приоритеттик багыттарынын бири

01.06.2022 16:47
811
Балдарды коргоо жана алардын коопсуздугу милициянын приоритеттик багыттарынын бири




Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында мамлекеттик саясат бардык мамлекеттик жана өзүн-өзү башкаруу жергиликтүү органдарын негизги багыттарынын бири болуп саналат. 


Алардын ичинен ички иштер органдары жашы жете электердин укуктарын жана мыйзамдуу түрдө алардын кызыкчылыктарын коргоо жаатында өтө маанилүү. Бардык укук коргоо органдарынын ичинен бул жаатта иштин негизги үлүшү (бөлүгү) ички иштер органдарына туура келет жана ар кандай ыкчам-профилактикалык иш-чараларды, кароосуздуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды, жашы жете электерге карата, жашы жетеэлектер жасалган кылмыштарды иликтөөнү камтыган иш-чаралардын эң кеңири спектрин камтыйт. 

2022-жылдын 4 айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмдөрү жашы жете электердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан 400дөн ашык кылмыш иштерин тергеген. Жашы жете электерге карата мыйзамсыз аракеттердин жарымынан көбү Бишкек шаарында катталса, башка аймактарда салыштырмалуу азыраак катталган.


Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча сотко иштин 100дөн ашык материалы жөнөтүлүп, 220дан ашык кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгү мүлктүк мүнөздөгү кылмыштар: уурулук, тоноо, алдамчылык жана башкалар. Мындан тышкары, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар, үй-бүлөлүк мамилелерге жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар, өмүргө жана ден-соолукка каршы кылмыштар катталган. Ошондой эле автоунаа каражаттарынын кыймылынын жана эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин бузуу фактылары боюнча кылмыш иштер тергелүүдө, анда жабыр тарткандардын арасында балдар да бар.


Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын 4 айында жашы жете электер жасаган 300дөн ашык кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлгөн. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаары Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында катталган. 100дөн ашык иштин материалдары тергөөнүн жыйынтыгы боюнча сотко жөнөтүлдү. Ички иштер органдары тарабынан билим берүү мекемелеринде укук бузуулардын алдын алуу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүүдө.


 ИИМдин КККнын жашы жете электер менен иштөө бөлүмунүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 4-айында укук бузуулардын алдын алуу максатында жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларынын арасында профилактикалык мүнөздөгү 6930 иш-чара, анын ичинде семинарлар, тегерек столдор, конференциялар, спорттук мелдештер өткөрүлдү. ИИМдин КККнын (Коомдук коопсуздук бөлүмү) бөлүмдөрү башка кызматтар менен өз ара байланышта жашы жете электердин кароосуз калуусун, укук бузууларын жана коомго каршы аракеттерин алдын алуу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп, ыкчам-алдын алуу жана рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алсак, аталган мезгилде «Өспүрүм», «Селсаяк», «Камкордук», «Кайрадан мектепке», «Рэкетке каршы» жана ушул сыяктуу 393 профилактикалык рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Рейддердин жүрүшүндө 3957 жашы жете электер аныкталган, анын ичинде селсаяк болуп жүргөндөр – 192, кайырчылык менен алектенгендер – 213, ичкилик ичүү – 4.


Аныкталган фактылар боюнча мамлекеттик органдарга проблемалуу маселелер боюнча 7691ден ашык маалымат жөнөтүлгөн, анын ичинен билим берүү органдарына – 3665, саламаттык сактоо органдарына – 314, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына– 1709, коомдук алдын алуу борборлоруна – 554 жана башка социалдык мекемелерге 1449 маалыматтар жиберилди.  


ИИОнун жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын каттоосуна 1824 жашы жете электер жана 297 балдарга терс таасир берүүчү жана жашоо шарты начар үй-бүлө алынган.


Балдарга карата зомбулук, катаал мамиле фактыларын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.

2022 жылдын 4 айында Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына ата-энелерге жана балдарга карата түзүлгөн 4077 материал жөнөтүлдү, анын ичинен каралгандары 2487. Жыйынтыгында 2022-жылдын 4 ай ичинде жеке алдын алуу 453 иш мерчеми түзүлгөн, балдар үйүнө жана интернаттарга жөнөтүү боюнча боюнча түзүлгөн материалдар бар, мындан тышкары башка тарбиялык мүнөздөгү 1897 иш чара кабыл алынган. Ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө сотко 22 материал жөнөтүлүп, алардын ичинен 6 факт боюнча чечим чыгарылды.

  ИИМдин жашы өспүрүмдөр менен иштөө боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрү коомдук уюмдар менен биргеликте милиция кызматкерлери үчүн зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жардам көрсөтүү боюнча тренингдерди үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. Бул иш-чаралардын максаты мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин жашы жете электерди зомбулуктан коргоо жана алардын укуктарын сактоо, жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулук проблемаларын чечүүгө жалпы мамилени иштеп чыгуу боюнча күч-аракеттерин бириктирүү болуп саналат.  



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн