Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Балдарды үйүндө окуткан Баткендеги мугалимге министр К.Исаков ноутбук алып берди

10.09.2020 16:52
1320
Балдарды үйүндө окуткан Баткендеги мугалимге министр К.Исаков ноутбук алып берди


Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Баткен районундагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимовага өз айлык акысынан ноутбук белек кылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, мугалимге ноутбукту 10-сентябрда Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектепке барып тапшырды. Өз учурунда педагог белек үчүн министрге ыраазычылыгын билдирди.

Мындан 2 күн мурда интернетте окуучулардын үйдө билим алып жаткан сүрөтү тараган. Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими ата-энелердин суранычы менен кайтарым байланыш каражаттарын окуучуларга түшүндүрүп берүү үчүн үйүнө чакырган. Сабак 15 мүнөткө созулуп, андан бери Миргүл Эшимова кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызаарлыгын, дилгирлигин баалайт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн