Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 02:45
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Балдарга төрөлөрү менен идентификациялык жеке номерди ыйгаруу сунушталууда

30.07.2024 09:10
214
Балдарга төрөлөрү менен идентификациялык жеке номерди ыйгаруу сунушталууда


Балдарга төрөлөрү менен идентификациялык жеке номерди ыйгаруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.


Маалыматка ылайык, 1966-жылдын 16-декабрындагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын 24-беренесине ылайык, ар бир бала төрөлгөндөн кийин каттоого алынып, ысым жана жарандык алууга укугу бар.


"Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрөлгөн наристелердин дээрлик 90 пайызы ыйгарым укуктуу органдардан каттоодон өтөт. Бул жарандар баланын туулгандыгын каттоо үчүн бир ай же андан кеч кайрылганын билдирет. Натыйжада алардын оорукана, бала бакча, социалдык коргоо сыяктуу базалык кызматтарды алуусу кыйындоодо. Муну эске алып, төрөлгөндүгү боюнча маалым каттын негизинде ата-энеси кайрылгыча эле (атасы же энеси) ымыркайга ПИН ыйгаруу каралган", — деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле бюджетти толтуруу максатында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ПИНди акы төлөө негизинде берүү сунушталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн