Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн бюджеттен 1,2 млрд сом кошумча бөлүнгөн, - министр

01.06.2022 12:21
388
Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн бюджеттен 1,2 млрд сом кошумча бөлүнгөн, - министр


Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн өлкө бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом кошумча бөлүнгөн. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Балыкчы шаарындагы "Шоола Нурлуу балдар" майып балдарды колдоо жана өнүктүрүү борборундагы балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди.

"Президент Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулдарын жогорулатууга кошумча 1 миллиард 200 миллион сом бөлдү, жогорулоо өлкө боюнча 300 миңден ашуун балага таасирин тийгизет жана бул багыттагы иш токтобойт, мамлекеттин балдарга болгон камкордугу системалуу, ырааттуу", - деди министр.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө министр борбордун тарбиялануучуларын куттуктап, белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүн өлкө боюнча Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн