Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балдарын 3 айдан бери көрө элек дарыгерлер бар, - Министрлик (видео)

08.06.2020 12:03
1178
Балдарын 3 айдан бери көрө элек дарыгерлер бар, - Министрлик (видео)



Өлкөдө жайылып жаткан коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлери жумалап, айрымдары 3 айдан бери үй-бүлөсүн, балдарын көрбөй, коомчулук үчүн жан үрөп күрөшүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.



Апасын же атасын 3 айдан бери көрө элек балдардын сагынычы кандай болоору барына белгилүү. Балдары, жакындары менен өткөрчү убактысын эл үчүн курмандыкка чалып жаткан медицина кызматкерлерине таазим”, - деп белгиленет маалыматта.



Ошондуктан Министрлик илдетти эртерээк жеңип, балдары менен жолукчу күндү жакындатууга жардам берүүгө чакырып, бул үчүн алардын айткан сунуштарын так аткарып, ар ким өзүнүн ден соолугу үчүн кам көрүү керектигин эскертет.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн