Ысык-Көлдүн Бостери милиция бөлүмү кароосуз калган эки баланын ата-энесин, туугандарын табууга жардам сурап жатат. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, облустагы Бостери милициясына 59 жаштагы аял кайрылып, төрт жана эки жаштагы уул балдар кароосуз калганын кабарлаган.
"Аялдын айтымында, 17-июлда кечки саат тогуздарда 25-30 жаштардагы айым эки жаш баласы менен Бостериден ижарага батир алган. 18-июлда эртең менен келин балдарын карап турууну өтүнүп, өзү белгисиз жакка чыгып кеткен бойдон келбей койгон. Балдардын айтымында, улуусунун аты Алинур, ал төрт жашта, ал эми кичүүсү Акылбек эки жашка чыккан. Атасынын аты Жолдош, ал эми апасынын аты Перизат. Жаш балдар жашаган жерин так билишпейт", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Алинур боз түстөгү футболка, көк түстөгү чолок шым жана слансы кийген. Ал эми Акылбек ачык көк түстөгү футболка, көк шорта жана слансычан экени айтылды.
Милиция балдардын ата-энеси, туугандары тууралуу билгендер болсо 0505250545, 0502112131, 0709060962, 0394345202 номерлерине же 102ге чалып Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн