Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Боронов: Балдарын жетелеп алып, милицияга баш ийбей парктарда жүргөндөр көбөйдү

30.03.2020 14:34
1107
Боронов: Балдарын жетелеп алып, милицияга баш ийбей парктарда жүргөндөр көбөйдү


Кыргызстанда өзгөчө абал киргенине карабай, айрым жарандар тартипке баш ийбей парктарда жүрүшөт, деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 30-мартта маалымат жыйында.


Анын айтымында, кээ бир ата-энелер балдарын жетелеп алып, парктарда, көчөлөрдө жүрүшөт. Арасында милиция кызматкерлерине баш ийбегендери да бар.


“Ошондуктан шаар тургундарына кайрылып кетээрим, тартипке баш ийип, өз коопсуздугуңар үчүн өзүңүздөр кам көрүп үйдөн чыкпай отурсаңыздар”, - деп кайрылды К.Боронов.


Ошондой эле, ал абал күчөп баратканын айтып, тартипти сактамайын бул эпидемияны токтотуу мүмкүн эмес экенин эскертти.

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн