Баш оона 01, 2025
Убакыт: 08:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу бир тараптуу ачылды

31.07.2025 12:12
45
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу бир тараптуу ачылды


Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.


Белгилей кетсек, бүгүн, 31-июлда Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча саат 06:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кажы-Сай айылында сел жүргөн.


Сел суусу Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол убактылуу салынган айланма унаа жолунун болжол менен 154-чакырымында орнотулган бетон шакекчелерди жууп кетип, жол жараксыз абалга келген. 


Кийин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолчулар тарабынан атайын техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын белгилеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн