Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча Тоң районунда болжол менен саат 10:30да жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго убактылуу каттам үчүн салынган темир бетон шакекчелерди жууп кеткен. Буга байланыштуу учурда каттам убактылуу жабык.
Жерине Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана "Арек-Строй" жол куруу компаниясынын техникалары тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн