Өзбекстан менен Кыргызстан Ташкенттен Ысык-Көлгө жүргүнчү ташуучу поездди ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.
Бул боюнча өзбек жана кыргыз улуттук темир жол ташуучуларынын башчылары бир пикирге келишти.
"Ташкент - Ысык-Көл (Балыкчы) - Ташкент" маршруту боюнча поезд жай мезгилинде, майдан сентябрга чейин, жумасына бир жолу каттайт деп күтүлүүдө. Ишке киргизүү 2021-жылдын жаз айларына пландаштырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн