Теке 05, 2024
Убакыт: 03:41
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

Балыкчы шаарында 6,1 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

02.07.2024 13:44
118
Балыкчы шаарында 6,1 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


Балыкчы шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 75 млн сомдук 6,1 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Озерная көчөсүндө жайгашкан көл жээгиндеги 6,1 га жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.

Прокуратура аталган жер тилкеси боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылып, натыйжада толук канааттандырылган. Анын негизинде шаардык мэрияга прокурордук талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен орточо базар баасы 75 млн 400 миң сомду түзгөн жогорудагы 6,1га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн